Кыргызстандын Италиядагы элчиси Болонья шаарынын мэри менен кызматташтыкты сүйлөштү

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Болонья шаарынын мэри менен кызматташтыкты сүйлөштү

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. 20-апрелде Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин демилгеси менен элчи Таалай Базарбаевдин Болонья шаарынын мэри Маттео Лепоре жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жооптуу вице-мэр Анна Лиза Бони менен жолугушуусу өттү.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылы Кыргызстан менен Италиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн, ошондой эле Бишкек менен Болоньянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн алкагында элчи Базарбаев санариптик жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен эффективдүү муниципалдык башкаруу маселеси, ошондой эле "Акылдуу шаарлар" долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Болонья шаарынын мэри Лепоренин Кыргызстандын борбор калаасына иш сапарын уюштурууну сунуштады.

Ошондой эле Базарбаев делегациянын курамына Италиянын ишкер, маданий жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн киргизүүнү сунуштады.

Мэр Лепоре жана вице-мэр Анна Лиза Бони Бишкекке сапарын уюштуруу маселесин карап, иш тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошону менен бирге Кыргызстандын университеттери менен Европадагы эң эски университеттердин бири болгон Болонья университетинин ортосунда байланыш түзүү аркылуу билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү сунушталды.

Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантууну белгилешти.