Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасы салтанаттуу маршы болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө өтүштү.