КР менен Бахрейндин ТИМ башчылары телефон аркылуу кызматташтыкты талкуулашты

КР менен Бахрейндин ТИМ башчылары телефон аркылуу кызматташтыкты талкуулашты

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинде бахрейн тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бахрейндин тышкы иштер министри, доктор Абдулатиф бин Рашед Аль-Заянин менен телефон аркылуу сүйлоштү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-бахрейн мамилелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашып, ар кандай деңгээлдерде эки тараптуу визиттерди уюштуруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү аркылуу саясий диалогду бекемдөөгө биргелешкен күч-аракеттерди багыттоо тууралуу макулдашышты.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ, ИКУ жана ШКУнун алкагында эки өлкөнүн ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана өз ара колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле «Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбордук Азия» аянтчасынын негизинде региондор аралык диалогду жана өз ара аракеттенүүнү түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибиндеги бир катар негизги маселелерди, анын ичинде Украинадагы кырдаалды талкуулап, дуйнө коомчулугунун алдында турган жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы мусулман Үммөтүнүн биримдигин чыңдоонун жана консолидациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.