...

КР ТИМ башчысынын орун басары менен Германия элчиси кызматташтыкты талкуулады

Саясат Башка жаңылыктар 13 Aprel 2022 13:28
Kabar Aiperi Ko
КР ТИМ башчысынын орун басары менен Германия элчиси кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кечээ, 12-апрелде КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Германиянын Кыргызстандагы элчиси доктор Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Климаттын өзгөрүшү, тоо экосистемалары, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча практикалык кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Министрдин орун басары Кемелова тарабынан Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» программасынын жана Кыргыз Республикасынын тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын туруктуулугу боюнча демилгелеринин алкагында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү сунушталды.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жемиштүү кызматташууга умтулууларын ырасташты.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү