Элчи Исмаилова Корея фондунун аткаруучу вице-президенти менен жолугушту

Элчи Исмаилова Корея фондунун аткаруучу вице-президенти менен жолугушту

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Корея фондунун аткаруучу вице-президенти, «Борбордук Азия-Корея Республикасы» кызматташтык форумунун катчылыгынын директору Ли Чонг Гук менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Аида Исмаилова Кыргызстан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал форумдун аткаруучу органы катары катчылыктын маанилүү ордун белгилеп, мындан ары Кыргызстанда айыл чарба, шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, инфраструктура, транспорт, экология, гидроэнергетика, санариптештирүү, тоо-кен өндүрүшү жана текстиль өнөр жайы, билим берүү жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында саламаттык сактоо сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга ишеним билдирди.

Өз кезегинде, Ли Чонг Гук катчылыктын быйылкы жылдагы пландары тууралуу маалымат берип, жогоруда аталган бардык маселелер боюнча форумдун алкагында мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө карата «Борбордук Азия-Корея Республикасы» форумунун алкагында 2022-жылы боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болуп өттү.