...

КР элчиси Израилдин Мампротоколунун башчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат Башка жаңылыктар 8 Aprel 2022 11:42
Kabar Aiperi Ko
КР элчиси Израилдин Мампротоколунун башчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-апрелинде резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан Кыргызстандын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израилдин Мамлекеттик протоколунун башчысы Гил Хаскелге ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик протоколдун башчысы, элчи Хаскел кыргыз элчисин кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-израилдик мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, элчи К.Өмүралиев эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кыргыз-израиль кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү