Бишкек шаарынын мэри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда борбор калаанын муниципалитети менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Мэр Кытай өкмөтүнө, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине шаардын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Ду Дэвэнь Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу боюнча иштерди баштоо үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин эске салды. Шаардык кызматтар эскиздик долбоорун даярдоолору зарыл.

Мындан тышкары, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшү, үчүнчү фазасынын башталышы жана борбор калаада санариптештирүүнү тездетүү маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.