Руслан Казакбаев Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту

Руслан Казакбаев Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Берлинде өтүп жаткан «Энергетикалык өтүү жөнүндө Берлин диалогу» эл аралык конференциясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Р.Казакбаев кыргыз-чех кызматташтыгын активдештирүү үчүн бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ага байланыштуу министр Я.Липавскийди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Маанилүү кызматташтыкты күчөтүү үчүн келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында министр Р.Казакбаев чех тарапка маданият, спорт, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, саламаттык сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун сунуштады. Руслан Казакбаев ошондой эле 2022-жылдын 29-30-мартында Чехиянын бизнес миссиясынын Кыргызстанга келишин кубаттады.

Министр Руслан Казакбаев ошондой эле көп тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, ушуга байланыштуу Будапешт шаарында «Түрк мамлекеттер уюму» – «Вышеград тобу» форматында жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу оң маанайда айтты.

Эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери өзүнчө каралды.