Кыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Исламабад шаарында Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Шах Махмуд Курешинин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев Пакистанды ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясын ийгиликтүү өткөрүшү менен, ошондой эле ПИРдин Көз карандысыздыгынын 75 жылдыгы менен куттуктап, КР президенти Садыр Жапаровдун атынан өлкөнүн жетекчилигине куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду жеткирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу, биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, өз ара товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле үстүбүздөгү жылы ТИМдер аралык саясий консультацияларды, соода-экономикалык жана илимий-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын төртүнчү жыйынын өткөрүү, бийик жана жогорку деңгээлдерде иш сапарларды уюштуруу маселелерин кеңири талкуулашты.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары белгиленген максаттарга жетүү үчүн инвесторлорду, бизнес өкүлдөрүн биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү тартуу зарыл экендигин белгилешти.

Министр Р.Казакбаев пакистан тарапты Кыргызстандын ЖОЖдорун Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу маселесин тез арада чечүүгө чакырып, азыркы учурда Кыргызстанда 10 миңден ашык пакистандык студент билим алып жаткандыгын билдирди.

Руслан Казакбаев эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө мүмкүндүк бере турган Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы түз аба каттамын тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын, тактап айтканда, БУУнун, ИКУнун жана ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде Афганистандагы гуманитардык кризисти тез арада жоюу үчүн улантууну макулдашышты.

Министр Ш.М.Куреши Пакистан Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө алкагында бардык деңгээлдеги байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Пакистандын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу толук форматтуу кызматташтыкты активдештирүүгө тараптар даяр экендигин билдиришти жана эки өлкөнүн элдеринин бакубачылыгы үчүн бири-бирине жемиштүү иш каалады.

Аталган иш сапардын алкагында министр Руслан Казакбаев Пакистан күнүнө арналган аскер парадына катышты.