Арзыбек Кожошев Джидда шаарынын Соода өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушту

Арзыбек Кожошев Джидда шаарынын Соода өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Эр-Риядга (Сауд Аравия Королдугу) жумушчу сапарынын алкагында Джидда шаарынын Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Мухаммад бин Юсуф Аль Наги менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактардагы кызматташуунун кеңири чөйрөдөгү маселелерин талкуулады.

"Сауд тараптын колдоосу менен меймандос Сауд Аравия жергесинде туристтик роуд-шоу жана ата мекендик продукциялардын көргөзмөсүн өткөрдүк. Министрлер Кабинети эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө жылында өтүп жаткан бул окуяларга өзгөчө маани берет", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал кошумчалагандай, эки тараптуу кызматташууда, анын ичинде экономика, соода, энергетика, туризм, инвестиция жана логистика тармактарында пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар.

Ошондой эле Арзыбек Кожошев өз ара байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө, атап айтканда, кыргыз тарап сунуштаган келечектүү долбоорлорду кароого толугу менен даяр экендигин билдирди.

Мухаммад бин Юсуф Аль Наги Сауд Аравиясы Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого кызыкдар экендигин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы Ишкерлер кеңешинин ишин активдештирүү жана анын жыйынын жакын арада Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.