Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы дипмамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы дипмамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

1992-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын ортосунда мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн жана дос элдердин кызматташтыгынын пайдубалы түптөлгөн. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын активдүү фазасы 1993-жылы Кыргыз Республикасы Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк банктын (Бреттон-Вудс институттары) Швейцариянын шайлоо тобуна киргенден кийин башталган.

1994-жылдын 4-ноябрында КР өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Федералдык кеңешинин ортосунда техникалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлуп, 1996-жылы Бишкекте Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин кеңсеси ачылган. Кыргызстан 1996-жылы Швейцарияда өзүнүн Элчилигин жана Женева шаарында БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгүн ачкан. Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги 2012-жылдын 5-ноябрында ачылган.

Кызматташуу жылдарында кыргыз-швейцариялык мамлекеттер аралык мамилелерди бекем келишимдик-укуктук базага негиздөө боюнча олуттуу иштер аткарылды. Мамлекеттердин эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлары болуп өттү, тышкы иштер министрликтеринин ортосунда үзгүлтүксүз саясий диалог түзүлүп, колдоо көрсөтүлүп, соода-экономикалык кызматташтык жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан менен Швейцариянын эки тараптуу мамилелери туруктуулук жана позитивдүү динамика менен мүнөздөлөт. Швейцария Кыргыз Республикасынын негизги донорлорунун бири. Швейцария тараптын Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери көрсөткөн жардамынын жалпы суммасы 480 миллион АКШ доллардан ашты. Кыргызстан менен Швейцариянын 2022-2025-жылдарга кызматташуу программасынын алкагында мамлекеттик башкаруу, экономиканы өнүктүрүү, суу сектору, жана ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында реформаларды ишке ашырууга багытталган 80 миллион швейцариялык франктан ашык суммага бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасы Швейцария Конфедерациясы менен эки тараптуу кызматташтыктын алкагында да, эл аралык уюмдардын алкагында да жалпы баалуулуктарга жана кызыкчылыктарга негизделген мамилелерди мындан ары тереңдетүүнү көздөйт.