Удовиченко өткөн жылы Россия тараптан Кыргызстанга берилген гуманитардык жардам тууралуу айтып берди

Удовиченко өткөн жылы Россия тараптан Кыргызстанга берилген гуманитардык жардам тууралуу айтып берди

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле акыркы бир нече жылдын ичинде бекемделди. Коронавирус пандемиясы Россия чындап эле мамилелердин ар кыл чөйрөлөрүндө маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин көрсөттү. Өткөн жыл буга далил боло алат. Россиянын Дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган конференциянын жүрүшүндө Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, эки мамлекеттин 2022-жылга карата кызматташуусунун келечегине токтолду.

Россиялык дипломаттын айтымында, Россия тарабынан гуманитардык колдоо уланууда жана өткөн жылы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстан үчүн фондуна 2 млн доллар өлчөмүндө кошумча каржылык салым кошуу чечими кабыл алынган.

“Мындан тышкары, 2021-жылы Россия тарабынан Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу жалпысынан 4 млн долларга гуманитардык жардам берилген. 2021-жылдын декабрь айында Баткен шаарындагы социалдык инфраструктура объектилерин калыбына келтирүүгө 1,5 млн доллар которулган. Пандемияга каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү боюнча 2021-жылдын ноябрь айында «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы Кыргызстанга бекер жеткирилген”, - деп билдирди элчи.

Удовиченко күзүндө бензинди бажы төлөмүсүз жеткирүүнүн көлөмү 460 миң тоннадан 650 миң тоннага жана дизелдик отун 485 миң тоннадан 550 миң тоннага чейин көбөйтүлгөнүнө көңүл бурду.