Си Цзиньпин: Кытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр

Си Цзиньпин: Кытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр

"Кытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр", - деп баса белгиледи Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 6-февралда, Пекин шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда.

Си Цзиньпин ошондой эле кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого даярдыгын кошумчалады.

Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенет.

Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болуп жатат.

Ал ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, мамлекет башчылары жолугушууда саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.