Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды

Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, 6-февралда Садыр Жапаров Пекин шаарында Си Цзиньпин менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

КЭР төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл аралыгында өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы белгиленип жаткан жылы өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи.

Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.