Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 6-февралда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

КЭР төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл аралыгында өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин белгиледи.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда ири саясий жана экономикалык реформалар болуп, коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жатканын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенет.

КЭР төрагасы Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого жана энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болуп жатат.

Ал ошондой эле “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

КЭР төрагасы кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берүү чечиминн кабыл алганын, түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы белгиленип жаткан жылы өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөр кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берип, жетишилген макулдашуулар жакынкы жылдарда мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Ал кыргыз тараптын “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу продукцияларды жана унааларды өткөрүү маселелерине токтолуп, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарлардын импортун жана экспортун тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн “жашыл коридорлордун” эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен катар ал кыргыз тарап мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кытайлык компаниялар менен биргеликте ишке ашырууга кызыкдар болгон бир катар долбоорлорго токтолду.

Садыр Жапаров энергетика тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү колдоду.

Мындан тышкары, экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында ал жалпы капиталы 1 млрд АКШ долларын түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады, ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.

Президент КЭР өкмөтү тарабынан Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз негизде көрсөтүлүп жаткан гранттык жардамды жогору баалады.

Садыр Жапаров Кыргызстанда Кытай грантынын негизинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, быйыл жазда тиешелүү иштерди баштоо пландалып жатканын, бул Борбордук Азияда суунун азайуу мезгили келип жаткан учурда өзгөчө актуалдуу экенин кошумчалады.

Андан соң, президент Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин токтотулган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.