Дипмамилелерге 30 жыл. КР жана Кореянын ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Дипмамилелерге 30 жыл. КР жана Кореянын ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Бүгүн, 31-январда Кыргызстан жана Кореянын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Руслан Казакбаев жана Чон Ын Ёй өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин куттуктоо катында төмөнкүдөй айтылат:

"Сизди Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм.

Кызматташтыктын 30 жылдык аралыгында эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлдү. Жогорку жана бийик деңгээлдеги үзгүлтүксүз саясий байланыштар орнотулду, Кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында натыйжалуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүү ишке ашырылып жана региондор аралык байланыштар бекемделип жатат.

Юбилейлик жыл тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөө үчүн биздин жалпы умтулуубузду чагылдырган эки тараптуу жана эл аралык маселелер боюнча активдүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу менен эсте каларына үмүтүмдү билдиргим келет.

Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө мындан аркы ийгиликтерди каалайм".

Ал эми Кореянын тышкы иштер министри Чон Ый Ёндун куттуктоо катында:

"Корея Республикасынын өкмөтүнүн жана элинин атынан биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу менин эң жылуу каалоомду Кыргыз Республикасынын элине билдирүүгө уруксат этиңиз.

Акыркы отуз жыл ичинде эки тараптуу мамилелер ар кайсы тармактарда жана саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө өнүгүп келүүдө.

Бул чындыгында маанилүү учур. Отуз жылдыктын алдында биздин өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн жана келечекте байланыштарды жакшыртуу үчүн мен Сиз менен тыгыз кызматташууга чын дилимден ишенем.

Сизге ден соолук жана бакубатчылык, ал эми кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалайм", - деп жазылган.