Дипломатиялык алакаларга 30 жыл. Казакбаев менен Япониянын элчиси куттуктоо каттары менен алмашты

Дипломатиялык алакаларга 30 жыл. Казакбаев менен Япониянын элчиси куттуктоо каттары менен алмашты

2022-жылдын 26-январында КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигеки Маэданын жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашуу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Казакбаев эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата Япониянын премьер-министри Фумио Кисиданын КРнын президенти Садыр Жапаровго даректелген кайрылуусун кабыл алып, өз кезегинде мамлекет башчысынын Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага даректелген куттуктоо катын тапшырды.

Жолугушууда КРнын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Япония Парламентинин Кеңешчилер палатасынын президенти Санто Акикого жана Япониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Хироюки Хосодага даректелген куттуктоо каттарын тапшырды. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Япониянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде куттуктоо каттары менен алмашышты.

Министр Р. Казакбаев менен Япониянын элчиси С. Маэда отуз жылдын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүдө жетишилген ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти. Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Казакбаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу Япония өкмөтүнүн колдоосун өзгөчө белгиледи.

Мындан ары инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө салым кошкон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун кеңейтүүгө, ошондой эле билим берүү жана өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүү жаатындагы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы эки тарапты кызыктырган маселелердин бардык комплекси боюнча, атап айтканда, экономика, соода, инвестиция жана өнөр жай тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо боюнча мындан ары тыгыз иш алып барыла тургандыгына ишеним артты.

Өз кезегинде Япониянын элчиси С. Маэда Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы сөз эркиндиги, демократия жана адам укуктары сыяктуу негизги фундаменталдык баалуулуктарды бекемдөөдөгү аракеттерин белгиледи. Ал япон тараптын мындан ары да Кыргыз Республикасындагы экономикалык жана социалдык реформаларга көмөк көрсөтүү ниетин билдирди.

Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргызстандын IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында Япониянын Элчиси Россия жана жаңы көз карандысыз мамлекеттер менен соода кылуу боюнча Япония ассоциациясы (ROTOBO) жана Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (JETRO) үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында Кыргызстанда маалымат технологиялары чөйрөсүндө семинарларды өткөрө тургандыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда жогорку жана бийик деңгээлдеги иш сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы каалоолорун ырасташты.