Япония менен КРнын ортосундагы дипмамилелерге 30 жыл. Япониянын премьери Садыр Жапаровду куттуктады

Япония менен КРнын ортосундагы дипмамилелерге 30 жыл. Япониянын премьери Садыр Жапаровду куттуктады

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Япония менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери биздин мамлекеттердин ортосунда жакшы мамилелер түзүлдү. Быйылкы дипломатиялык мамилелердин орнотулганына 30 жыл толушу Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан эли менен болгон мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимимди билдиргим келет.

Япония Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мамлекеттүүлүктү бекемдөө, анын ичинде кадрдык потенциалды өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен көптөн бери кызматташып келет.

Кыргызстан Япония менен көп жылдардан бери өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди өнүгүп келе жаткан дос өлкө. Япония Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен байланышты чыңдоо үчүн Сиз менен өз ара аракеттенүүгө ниеттенүүдө», — деп айтылат куттуктоо катында.

Премьер-министр Фумио Кисида Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп өнүгүүнү каалады.