Кыргызстан түрк тарабына ички паспорт менен жарандарды чек арадан өткөрүү сунушун киргизди

Кыргызстан түрк тарабына ички паспорт менен жарандарды чек арадан өткөрүү сунушун киргизди

2022-жылдын 24-январында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле кыргыз тарап эки өлкөнүн жарандарын ички паспорт (ID-карта) менен чек арадан өткөрүү боюнча сунуш киргизди.