...

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга барат

Саясат Башка жаңылыктар 24 Yanvar 2022 10:08
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.

Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү