КР ТИМ Абу-Дабинин жарандык жана өнөр-жай объектилерине кол салууларды айыптайт

КР ТИМ Абу-Дабинин жарандык жана өнөр-жай объектилерине кол салууларды айыптайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Абу-Даби шаарынын жарандык жана өнөр-жай объектилерине, эл арасында курмандыктарга алып келген учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу менен кол салууларды айыптайт.

Министрлик бул аракеттерди аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган террордук акт катары баалайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдоо менен терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө катуу айыптайт.

Министрлик Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө жана элине колдоосун билдирет, ошондой эле каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайт.