Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясында сөз сүйлөдү

Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясында сөз сүйлөдү

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин онлайн режиминде өткөн кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын сөзү: (эркин котормо)

“Урматтуу Никол Воваевич, Урматтуу кезексиз сессиянын катышуучулары!

Биринчиден, актуалдуулугу жана маанилүүлүгү шексиз болгон бүгүнкү жолугушууну уюштургандыгы үчүн армян тарапка ыраазычылык билдиргим келет.

Кагылышуулардын натыйжасында каза болгондорго байланыштуу казак тарапка дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Казакстан биздин эң жакын союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз, казак тарап менен тилектештикти билдирүү биздин бүгүнкү милдетибиз.

Дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр, “саясий катаклизмдер”, коопсуздукка чакырыктардын жана коркунучтардын трансформациясы жана башка факторлор ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарында түзүлүп жаткан аскердик-саясий кырдаалда түздөн-түз чагылдырылат. Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуялар буга далил.

Учурдагы мамлекет ичиндеги процесстерди пайдаланып, деструктивдүү элементтер мамлекеттүүлүктү, коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү бузуу үчүн террордук аракеттерин бириктирип, ошол эле учурда башаламандыктын, өзүм билемдиктин жана кылмыштуулуктун кеңири жайылган атмосферасын түзүүдө.

Ушул өңүттө, казак тараптын ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун механизмдерин азыркы шартта активдештирүү демилгеси, албетте, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздукка карата чакырыктар жана коркунучтар боюнча көз караштарынын биримдигин ырастайт.
Топтолгон потенциалды эске алуу менен Уюмду түзүүнүн жана ишинин фундаменталдуу принциптери, анын тышкы саясий жана аскердик компоненттери бардык гибриддик көрүнүштөрдөгү кризистик кырдаалдарга өз убагында жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө Казакстан Республикасындагы кырдаалды толук турукташтыруу негизги артыкчылык болуп калууда.

Урматтуу отурумдун катышуучулары!

Алгачкы күндөрдөн тартып биз боордош Казакстандагы окуяларга тынчсыздануу менен көз салуудабыз. Биз терроризмге анын бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршыбыз. Биз Казакстан Республикасында кырдаалдын тезирээк нормалдашуусуна, тынчтык менен тартиптин орношуна чын жүрөктөн кызыкдарбыз.Бүгүнкү күндө өз ара алгылыктуу чечимди табуу жана абалдын мындан ары курчушуна жол бербөө болуп көрбөгөндөй маанилүү.

Казакстан Республикасынын Президенти, урматтуу Касым-Жомарт Кемелович Токаевдин ЖККУнун алкагындагы милдеттерге ылайык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуусунан кийин дароо эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуу иштерине катышуу мандаты менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн чектелген контингентин жөнөтүү чечимин кабыл алды.

7-январда Кыргызстандын парламентинин кезексиз жыйыны өтүп, анда бул чечимди көпчүлүк депутаттар колдоду.Ушул эле күнү, 7-январда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 150 адамдан турган тынчтыкты сактоочу аскер контингенти Казакстан Республикасына учуп кетти. Анын ичинде тажрыйбалуу офицерлер жана контракттык аскер кызматчылары, ошондой эле 8 даана БТР жана 12 даана автомобиль техникасы.

Коңшу өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн мындан ары да бардык күч-аракетти жумшоого даяр экенибизди баса белгилегим келет.

Урматтуу сессиянын катышуучулары!

Туруксуздук жана зордук-зомбулуктун күчөшү Казакстандын өзүндө да социалдык-экономикалык абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн жана баарыбызга терс таасирин тийгизет.Ушундан улам биз аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз. Аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн сактоо, ишкерлерге, бизнеске жана банктар аралык мамилелерге жагымдуу шарттарды сактоо боюнча зарыл чараларды көрүү маанилүү.Келип жаткан маалыматтарга караганда, көп сандагы ок атуучу куралдар кылмыштуу чөйрөлөрдүн колуна түшкөн.

Тоноочулукка жана мыкаачылыкка катышкан кылмышкерлердин биздин мамлекеттик чек аралардан өтүп кетүү коркунучу бар.

Ушуга байланыштуу Казакстандагы азыркы кырдаал бизди Казакстандагы стабилдүүлүктү калыбына келтирүү жана өлкөнүн аскердик, административдик жана социалдык объектилерине кол салуулардын алдын алуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө милдеттендирет.

Колдоо чарасы катары биз бардык мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Казакстандын жарандарына да ПЦР анализинин терс натыйжалары тууралуу маалымкатын көрсөтпөстөн, кыргыз-казак чек арасы аркылуу Кыргызстандын аймагына өтүүгө уруксат берүүнү чечтик.
Бул күндөрү кыргыз тарап Түркиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана башка мамлекеттерден кайтып келе жатып “Манас” эл аралык аэропортуна келүүгө аргасыз болгон Казакстандын жарандары үчүн убактылуу жайгаштырууну да уюштурду. Алар уюшкандыкта кыргыз-казак чек арасына чейин жеткирилүүдө.

Кыргызстандын көптөгөн жарандары четте турбай, азыркы кырдаалга санаа тартып, ар кандай ыктыярдуу жардамдарды берип жатканын кубануу менен белгилейбиз.

Бүткүл кыргыз эли бул оор күндөрдө казак боордошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырдаалдын тезирээк элдин жыргалчылыгы үчүн жөнгө салынышын чын жүрөктөн каалайт.Ошону менен бирге, акыркы убакта жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары тууралуу, алардын талап-тоноолорго жана массалык баш аламандыктарга катышкандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгилегим келет.

Буга байланыштуу ар бир тастыкталган факты боюнча Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, биздин эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларыбызга ылайык ачык, так, адилеттүү иликтөө болот деп үмүттөнөм.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасы туруктуулукту, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнү жана Казакстандын гүлдөп-өнүгүшүн ар дайым жактаарын баса белгилегим келет.Кыргызстан ар дайым Казакстандын жанында болгон жана болуп кала берет.Зарыл учурда казак тараптын өтүнүчү боюнча биз бир тууган эки элдин бекем туугандык байланышына таянып, Казакстандын элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз.Казак тарапка адам курмандыктарына байланыштуу дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бардык жабыркагандардын тезирек сакайып кетишин каалайм. Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”.