ЖККУ кеңешинин мүчөлөрү Казакстанда курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти

ЖККУ кеңешинин мүчөлөрү Казакстанда курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн жыйынынын башында кеңештин мүчөлөрү Казакстанда курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Кеңешке төрагалык кылуучу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү экендигин айтты. Кеңештин мүчөлөрү нааразычылык акциясында каза болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Кыргызстандын атынан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.