...

Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына онлайн режимде катышат

Саясат Башка жаңылыктар 10 Yanvar 2022 10:02
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына онлайн режимде катышат

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, сессияда «Казакстан Республикасындагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү» маселе талкууланат.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү