Министрлер кабинети Казакстандагы абал боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды

Министрлер кабинети Казакстандагы абал боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды

Бүгүн, 6-январда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын жалпы аймагында чыңалуунун күчөшү жана өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн учурдагы коомдук-саясий абал талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу ыктымалдыгы боюнча күч ведомстволорунун жетекчилеринин баяндамаларын укту. Ошондой эле финансы-экономикалык блоктун министрликтерине республиканын банк тутумунун үзгүлтүксүз ишин, ошондой эле азык-түлүк, отун коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуусу боюнча тапшырмалар берилди.

Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу бир тууган Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт.

Министрлер кабинети тарабынан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында бүгүн түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү демилгелөө чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жыйынында баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев дайындалды. Ошондой эле ага Казакстан Республикасындагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлдү.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү ошондой эле башка бир катар маселелерди талкуулап, чечимдерди кабыл алды.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.