ТИМ: Кыргызстан бир тууган Казакстанга зарыл болгон учурда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр

ТИМ: Кыргызстан бир тууган Казакстанга зарыл болгон учурда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Биз боордош Казакстандагы акыркы окуяларга кунт коюу жана тынчсыздануу менен көз салуудабыз. Кыргыз Республикасы эки элдин бир туугандык бекем байланышына жана эки мамлекеттин союздаштык мамилелерине жараша Казакстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө чын дилинен кызыкдар. Кыргызстан ар дайым бир тууган Казакстандын жанында болуп келген, болуп кала берет жана биздин элдерибиздин өз ара мамилелеринин тарыхында дайыма орун алган ар кандай колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр.

Казакстан элине жана өлкө жетекчилигине мүнөздүү болгон даанышмандык, көрөгөчтүк жеңип, тынчтыкты жана ынтымакты сактоого жардам берерине ишенебиз. Бул бардык күч-аракеттерди бириктирип, мыйзам чегинде цивилизациялуу диалогду түзгөндө гана мүмкүн экенине ишенебиз. Бүгүнкү күндө өз ара алгылыктуу чечимди табуу жана абалдын мындан ары курчушуна жол бербөө өзгөчө маанилүү.

Зордук-зомбулук, мыйзамсыздык жана провокация, ошондой эле мыйзам бузууларга жоопкерчиликсиз чакырыктар курч проблемаларды жеңүүгө алып келбейт, тескерисинче, карапайым калктын абалын начарлатат. Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана Казакстандын ар бир жаранынын бакубаттуулугу үчүн бир тууган Казакстан элине чын жүрөктөн тынчтык, туруктуулук жана биримдик каалайбыз.

Коңшу республика түзүлгөн кырдаалды өз алдынча жана сырттан кийлигишүүсүз жөнгө салууга кудуреттүү экендигине ишеним билдирип, Кыргыз Республикасы союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары бир тууган Казакстанга зарыл болгон учурда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастайт".