Жапаров: Кыргызстан менен Кытай элдеринин ортосундагы мамиленин деңгээли көптөгөн өлкөлөргө үлгү боло алат

Жапаров: Кыргызстан менен Кытай элдеринин ортосундагы мамиленин деңгээли көптөгөн өлкөлөргө үлгү боло алат

“Биздин элдердин ортосунда жетишилген карым-катнаштын деңгээли көптөгөн өлкөлөр үчүн үлгү боло алат”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-январда эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Азия мейкиндигинде маданияттар жана цивилизациялар түптөлө баштаган кезеңден бери эле карым-катышы үзүлбөй, ошол күндөн ушул күн тарыхтын далай окуяларына чогуу күбө өтүшүп, ирегелеш жашап келаткан эки эл бар экенин белгиледи. Алар - кыргыздар жана улуу кытай эли.

Садыр Жапаров 1992-жылдын 5-январында дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы тарых, башкача айтканда, өз ара мамилелерди суверендүү мамлекеттер катары өнүктүрүүнүн тарыхы башталганын эске салды. Өткөн 30 жылдын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана көп пландуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жаатында кыйла ийгиликтер болду. Кылымдар бою Улуу Жибек жолу аркылуу туташкан Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы - бүгүнкү күнү стратегиялык өнөктөштөр!

Ал Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак – Бир жол" демилгесин биринчилерден болуп колдоого алганын белгиледи. Бул кадам тарыхый шарттарга негизделген жана стратегиялык өнөктөштүктүн мүдөөсүнө төп келет.

Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде кызматташуунун бардык механизмдерин натыйжалуу пайдалануу - алдыбызда турган маанилүү милдет.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстандын соода-сатык жана инвестиция жаатындагы негизги өнөктөрүнүн бири Кытай экендиги жалпыга белгилүү. Кыргыз тарап өз ара сооданы ыкчам түрдө өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Атап айтканда, инфраструктура жана транспорт, энергетика жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, туризм тармактарында, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району менен кызматташуу тез арада үзүрүн берет.

Мындан тышкары, Президент Кыргызстан эли үчүн ишке ашырылып жаткан эң маанилүү эки тараптуу долбоорлорду белгиледи.

Ал "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушун ишке ашыруу Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагынын транзиттик потенциалын арттыруудагы маанилүү кадам экенин, "Бир алкак – бир жол" демилгесин илгерилетүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калышы керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров 2022-жылы республикада кытай компанияларынын ишин калыбына келтирүү жана активдештирүү башталарына ишеним артылганына көңүл бурду. Өз кезегинде Кыргызстан өлкө аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр болгон Кытай инвесторлоруна тийиштүү көмөк көрсөтүүгө даяр.

Аны менен бирге Президент, учурда Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына экологиялык жактан таза айыл-чарба продукцияларын экспорттоону жолго коюу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Ал тараптар "Торугарт" жана "Иркештам" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу ташылган жүк агымын көбөйтүү, аларды натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бардык аракеттерди жасап жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы маанилүү багыттарынын бири - билим берүү тармагына дагы токтолуп, 2022-жыл көптөгөн маданий-гуманитардык иш-чараларга бай болуп, алар эки ортодогу маданий-гуманитардык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артты.

Президент ошондой эле, Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алкагында Кытай менен өз ара аракеттенүүсү маанилүү багыт экенине белгиледи. Аймактык жана эл аралык уюмдар саясий диалогду жүргүзүүнүн, көп тараптуу аракеттенүүнүн, коопсуздуктун, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык аспектилерин өнүктүрүү үчүн жакшы аянтча болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров, жакында Кытай Эл Республикасы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндөгү резолюцияны кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын демилгесин колдогонун жана резолюциянын долбооруна тең демөөрчү болууга даяр экендигин билдиргенине өзгөчө көңүл бурду. Бул кадам кыргыз-кытай мамилелеринин духуна жооп берет жана достуктун, бир-бирине колдоо көрсөтүүнүн таасын мисалы болуп саналат.