Кытай менен Кыргызстан 30 жыл аралыгында чындап жакшы коңшу жана ишенимдүү өнөктөш болуп калышты - Ду Дэвэнь

Кытай менен Кыргызстан 30 жыл аралыгында чындап жакшы коңшу жана ишенимдүү өнөктөш болуп калышты - Ду Дэвэнь

Кыргызстан менен Кытайдын лидерлеринин 30 жылдык стратегиялык жетекчилигинин аркасында эки өлкө убакыттын жана эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсүнүн сыноосуна туруштук берди – эки өлкө чыныгы жакшы коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууганга айланды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттердин ортосундагы саясий өз ара аракеттенүү тереңдеп, практикалык кызматташуу тынымсыз кеңейүүдө, коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жигердүү өнүгүп жатат, маданий-гуманитардык алмашуу да жыл сайын чыңдалууда, БУУда, ШКУда жана башка эл аралык уюмдарда тыгыз координация сакталууда.

"Ошол эле учурда Кытай менен Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө бири-бирине жардам жана колдоо көрсөтүүдө. Ошентип, “Бир алкак – бир жол” демилгесин куруунун алкагында бир катар ири долбоорлор биргелешип ишке ашырылган жана ишке ашырылууда, алар аркылуу Кыргызстан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатууга натыйжалуу көмөк көрсөтөт", - деди элчи.

Мындан тышкары, элчи Кыргызстанда жашаган кытай жарандары жана Кыргыз Республикасындагы кытай ишканалары өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноорун белгиледи.

"Алар эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту бекемдөөнү жакташат жана өздөрүнүн иш-аракеттери менен ишкердик кызматташууга жардам беришет", - деп түшүндүрдү Ду Дэвэнь.

Соңунда ал ошондой эле Си Цзиньпиндин куттуктоосун окуп, Кытай Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүп, жардам берерин билдирди.