Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо. Делегациялардын теңтөрагалары жолукту

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын башчылары калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашып, жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди улантуу тууралуу өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.