Кыргызстандын президенти Бельгияга иш сапары менен учуп кетти. Делегациянын курамы

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Бельгия Падышалыгына иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын алкагында, 24-26-июнда мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев;
- президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Бельгия, Нидерланды жана Люксембургдагы элчиси ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү Айдит Эркин;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- финансы министринин орун басары Руслан Татиков.