Садыр Жапаров Швейцария, Монголия, Азербайжандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Садыр Жапаров Швейцария, Монголия, Азербайжандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, өлкөдө акредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Швейцария Конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер, Монголияныкы Ганхуяг Содном жана Азербайжан Республикасыныкы Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырды.

Азем башталардын алдында чет элдик дипломатиялык миссия башчыларын Ардак кароол тосуп алды.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин президент Садыр Жапаровдун ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушууларынын жүрүшүндө өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы элчилерди жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал өкүлчүлүк кылган өлкөлөр менен эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчысы мамлекеттер аралык саясий жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле түз соода-экономикалык байланыштарды түзүүнүн жана Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды тартууга дем берүүчү чаралардын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын артыкчылыктуу милдеттеринин бири — чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо экенин баса белгиледи.

Бул үчүн өлкө жетекчилиги республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда жана кыргыз тарап чет элдик инвесторлор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер анын өлкөсү менен Кыргызстандын ортосунда көп окшоштуктар бар экенин белгиледи. Ал Садыр Жапаровду Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясында 2022-жыл «Эл аралык тоолорду туруктуу өнүгүүсү» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышы менен ошондой эле парламенттик шайлоолордун өтүшү менен куттуктады.

Оливье Бангертер Швейцариянын тыгыз өз ара кызматташууга жана Кыргызстанда өнүктүрүү программасына 22 млн АКШ долларын бөлүүгө даярдыгын белгиледи.

Элчи Ганхуяг Содном Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун ысык саламын жеткирип, өлкөлөр ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал келерки жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толорун эске салды.

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү боордош өлкө экенин баса белгилеген Ганхуяг Содном айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагындагы алакаларды кеңейтүүгө даярдыгын, бул жерде чоң потенциал бар экенин белгиледи. Ошондой эле, Монголиянын элчиси Кыргызстанды ЕАЭБ мейкиндигинде төрагалык кылуусунун башталышы менен куттуктады.

Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов өлкөлөрдү байыркы түрк тамыры жана совет доору боюнча жалпы тарых, маданий жана руханий мурастар бириктирип турганын баса белгиледи.

Элчи эки өлкөнүн бардык эл аралык маселелер боюнча кз караштары жакын экенин белгилеп, Азербайжандын Кыргызстан менен инвестициялык кызматташуусун арттырууга даярдыгын баса белгиледи.

Жолугушуулардын соңунда мамлекет башчысы Кыргызстандын ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилеп, элчилердин маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматына ийгиликтерди каалады.