Руслан Казакбаев Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Руслан Казакбаев Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

2021-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчи министр Казакбаевге Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахияндын атынан Иранга иш сапары менен келип кетүүгө расмий чакыруусун тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелерин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан жаңы темир жол корридорунун ачылышы тууралуу талкуулашты.

Андан тышкары, министр менен элчи туристтик байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдардын жыштыгын жана санын жогорулатуу, ошондой эле иран тарабынын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууда катышуусу жөнүндө кеп кылышты.

Министр Руслан Казакбаев иран компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көл облусунда туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестициялоого чакырды.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин орнотулушунун 30 жылдыгынын алдында Казакбаев 2022-жылы Кыргызстан менен Иранда бир катар мааракелик иш-чараларды, анын ичинде эки өлкөнүн маданий, илимий ишмерлеринин, спорттук жана ишмер чөйрөлөрүнүн катышуусунда маданият жана кино күндөрдү, музыкалык-фольклордук фестивалдарды, спорттук мелдештерди өткөрүүнү сунуштады.

Эки тараптуу дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгында эки өлкөнүн делегацияларынын өз ара расмий сапарлары менен белгиленет. Тараптар Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынын өткөрүшөт.

Жолугушуунун аягында тараптар Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнүн келечеги жөнүндө пикир алмашышты жана бул өлкөдө тынчтыкты орнотууга, ошондой эле жалпы региондо туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен жана координацияланган күч-аракеттерди улантууга бекем даярдыгын билдиришти.