...

Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына видеоконференция форматында катышат

Саясат Башка жаңылыктар 15 Oktyabr 2021 08:38
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына видеоконференция форматында катышат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйын Беларусь Республикасынын төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Шериктештик алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынаары пландалууда. Негизинен, Шериктештиктин 30 жылдыгы боюнча, биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык боюнча, миграция тармагындагы кызматташтык, Шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоо, ошондой эле башка тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтер.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү