...

Садыр Жапаров ЖЕЭКнын жыйынына видеоконференция аркылуу катышат

Саясат Башка жаңылыктар 14 Oktyabr 2021 12:32
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Садыр Жапаров ЖЕЭКнын жыйынына видеоконференция аркылуу катышат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына видеоконференция аркылуу катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бир катар документтерди, алардын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжонууда.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү