Татарстандагы авиакырсык. Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Татарстандагы авиакырсык. Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге жарандык учактын кырсыкка кабылуусунан улам каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Россия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы Мензелинск районунда болгон авиакырсыктан улам каза тапкандар тууралуу оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын баарынын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп белгиленет телеграммада.

Эске сала кетсек, Татарстандын Мензелинск шаарынын аймагында L-410 учагы кулап, 15тен ашуун адам каза болгондугу кабарланды. Жабыркагандар дагы бар.