Төрага Мамытов баштаган депутаттар Алтай Республикасына иш сапары менен барды

Төрага Мамытов баштаган депутаттар Алтай Республикасына иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Алтай Республикасына иш сапары менен барды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалдашкандай, делегацияны Алтай Республикасынын Эл-Курултайынын (Мамлекеттик жыйыны) төрагасы Артур Кохоев тосуп алды.

Сапардын алкагында республиканын жетекчилиги жана аймактагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов, Искендер Матраимов бар.