Малайзиянын ТИМ башчысы: Кыргызстанга сапарым эки тараптуу мамилелерди чыңдоого түрткү берерине ишенем

Малайзиянын ТИМ башчысы: Кыргызстанга сапарым эки тараптуу мамилелерди чыңдоого түрткү берерине ишенем

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда анын расмий сапары Кыргызстан менен Малайзиянын эки тараптуу мамилелерин чыңдоого жана бекемдөөгө түрткү берерине ишеним билдирди.

“Биздин өлкөлөрдүн ишмердүүлүктүн айрым чөйрөлөрү боюнча тажрыйбасы чоң. Биз тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз. Менин Кыргызстанга болгон иш сапарым өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана бекемдөөгө түрткү берет деп ишенем”, - деди ал.

Соңунда Малайзиянын ТИМ башчысы Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна суктангандыгын белгиледи. Ошондой эле ал кыргыз кесиптешине меймандостугу жана иш сапарын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча күн мурун Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бул анын өлкөгө болгон алгачкы визити.

Расмий сапардын алкагында Малайзия ТИМ башчысынын президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландаштырылган.