Мадмаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен жолукту

Мадмаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен жолукту

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын соода комплексин, текстиль өнөр жайын жана ишкердикти тейлеген орун басары Батыр Атдаев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы мүмкүн болгон багыттары жана тараптардын кароосунда турган эки тараптуу документтердин долбоорлорун алдыга жылдыруу маселелерин талкуулашты.

Элчи Мадмаров маектешинин көңүлүн тараптардын биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча макулдашууларына жана аларды иш жүзүндө ишке ашыруунун зарылдыгына, ошондой эле ушул күндөрү Ашхабадда тегерек стол форматында өтүп жаткан биргелешкен кыргыз-түркмөн бизнес форумуна бурду.

Ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын маанилүү ролу жана бул комиссиянын ишмердүүлүгүн активдештирүү жана анын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Өз кезегинде Атдаев эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын канааттануу менен белгилеп, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө даярдыгын жана буга ар тараптуу салым кошуу ниетин билдирди

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга даярдыгын билдиришти.