Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Кыргыз тараптын демилгеси менен ички иштер министри Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши Али Ерликая менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн башында Ниязбеков Али Ерликаяны Түркиянын ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

“Бул дайындоо сиздин мурда иштеген кызматтарда жасаган ак эмгегиңиз, жараткан ийгиликтериңиз өлкө жетекчилиги тарабынан жогору бааланып жана ошону менен бирге эле сизге болгон чоң ишеними деп билемин.

Сиздин буга чейинки ээлеген, эл менен тыгыз иштеген жооптуу жетекчилик кызмат орундарыңыз, чоң тажрыйбаңыз, өнүгүп жаткан Түрк мамлекетинин коопсуздугу, жарандардын бейпил жашоосу үчүн түрк полициясынын кызмат кылуусун мындан ары да жаңы жетишкендиктер менен өнүгүшүнө салым кошооруңузду билебиз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түркия Республикасында болуп өткөн президенттик жана парламенттик шайлоонун ийгиликтүү аякташы, түрк полициясы бул маанилүү иш-чарада өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышы менен дагы куттуктаймын. Сизге чейин Түркиянын Ички иштер министрлигин жетектеген урматтуу Сулейман Сойлу мырза менен да жылуу мамиледе, тыгыз байланышта кызматташып, бир топ алгылыктуу иштерди жасадык. Сиз менен да Түрк тилдүү эки өлкөнүн бейпилдиги үчүн бир туугандай мамиледе, министрликтерибиздин өз ара кызматташуусун, достук мамилесин мындан ары да биргеликте өнүктүрө беребиз деп толук ишенемин", - деди ал.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жакын арада пландаштырылган иш сапарларды жана иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча биргеликте күч-аракет жумшоого макулдашты.