Марипов жана Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты

Марипов жана Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты, анын ичинде энергетика, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Улукбек Марипов жана Михаил Мишустин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, өлкөлөр ортосундагы соода жүргүзүүнүн оңдуу динамикасын жана экономикалык активдүүлүктүн ырааттуу калыбына келтирилишин канааттануу менен белгилешти.

"Биз ушул жылдын январь-июнь айларында 1 млрд 5,5 млн долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5%га көбөйгөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даярбыз", – деди Улукбек Марипов.

Суйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын Кайчылаш жылынын жыйынтыктарын жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында мындан ары биргелешкен соода-экономикалык иш-аракеттер биздин республикага россиялык инвестициялардын көбөйүшүнө алып келет деген ишенимин билдирди.

Улукбек Марипов кесиптешине Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Кайчылаш жылынын алкагында бардык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасын Кайчылаш жылды жабуу алкагында Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Михаил Мишустин белгилегендей, россиялык тарап эки өлкөнүн мамилелери ырааттуу өнүгүүсүнө кызыкдар жана коронавирус пандемисынан улам киргизилген чектөөлөргө карабастан Кайчылаш жыл алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды уюштурууга мүмкүн болду.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасындагы орус тилинин расмий статусунун чоң маанисин белгиледи, анын пикиринде, бул улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакка оң таасирин тийгизет.