Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот

Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат.

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарын баштап, ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.