Президент Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга көз салып турат

Президент Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга көз салып турат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Афганистан Ислам Республикасында түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда.

Президент Садыр Жапаров ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз Мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.

Мындан тышкары, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.