...

Түркиядагы адам өмүрүн алган сел. Президент Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

Саясат Башка жаңылыктар 13 Avqust 2021 16:05
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Түркиядагы адам өмүрүн алган сел. Президент Жапаров Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясында жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз эли кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Табигый кырсыктан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайт.

Жараткандан боордош Түркиянын учурдагы оор абалдан тезирээк чыгуусун тилейм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү