Кыргызстан менен Украина түз авиакаттамдарды жандандырууга кызыкдар

Кыргызстан менен Украина түз авиакаттамдарды жандандырууга кызыкдар

2021-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөө жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык мамилелерди арттыруу жолдорун талкуулашты. Атап айтканда, экономикалык, гуманитардык жана транспорттук жааттардагы, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, тараптар түз авиакаттамдарды жандандырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Үстүбүздөгү жылы эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи саясий консультацияларды, ошондой эле Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-украин комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишишти. Андан тышкары, маектештер 2022-жылы дипломатиялык алаканын орногонунун 30 жылдыгын белгилөө боюнча планды талкуулашты.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, актуалдуу эл аралык маселелер боюнча «сааттарын тууралап», бир пикирге келишти.