Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жакын арада швед-британиялык өндүрүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүүдө.

Ишенапысова эмдөөдөн өтүүдөгү сактык чаралары туурасында айтып берди:

- эмдөөдөн кийин 15 мүнөттөн кем эмес байкоо жүргүзүү сунушталат;

- AstraZeneca вакцинаны эмдөө курч фебрилдик оорулары бар бейтаптарга каршы көрсөтүлөт;

- тромбоцитопения менен ооруган, ар кандай кандын уюшу бузулган же антикоагулянттуу терапия алып жаткан жарандарга этияттык менен колдонулат;

- суук тийгенде же дене табы бир аз көтөрүлгөн учурда эмдөө болот.