Илим жана техника жаатындагы мамсыйлыктар ыйгарылат. Жарлыкка кол коюлду

Илим жана техника жаатындагы мамсыйлыктар ыйгарылат. Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

Медицина тармагындагы иштери үчүн төмөнкүлөргө Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылсын жана “Илим жана техника жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам берилсин:

  • «Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары»:

- Чынгышпаев Шамиль Мукашевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

- Ахунбаева Нелли Исаевнага – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

- Бебезов Хакиге – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

- Ахунбаев Стальбек Медеровичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты;

- Шаназаров Алмаз Согомбаевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

- Айдаралиев Арсен Асылбековичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору;

- Казакбаев Айтбай Тургунбаевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты;

- Кочоров Орозали Тайтокуровичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

2) «Заманбап илимий-дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы»

Ашимов Исабекке – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор.