КР жана РФнын кайчылаш жылынын расмий жабылыш аземи 2021-жылдын ноябрында өтөт

КР жана РФнын кайчылаш жылынын расмий жабылыш аземи 2021-жылдын ноябрында өтөт

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Москва шаарында Россия Федерациясынын президентинин Кыргызстан жана Россия эриш-аркак жылын белгилөө боюнча атайын өкүлү, РФ президентинин эл аралык маданиятты өнүктүрүү боюнча өкүлү, Мамлекет Аралык Гуманитардык Кызматташтык Фондунун тең төрагасы (МФГС) Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын расмий жабылышы талкууланып, салтанат үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына белгиленди.

Мындан сырткары, Мамлекет Аралык Гуманитардык Фондунун алкагында Дүйнөлүк Эпос фестивалы, Кыргызстан кыскаметраждуу фильмдердин өлкөсү кинофестивалы, жаш сүрөтчүлөрдүн пленэри сындуу долбоорлордун каржы маселеси каралып, аталган фонддун атайын программасынын негизинде 2022- жылга маданий борбор катары тандалып алынган Каракол шаарында өтүүчү иш-чаралардын тутуму, бир катар долбоорлордун ишке ашуу маселелери ортого салынып, чечүү жолдору аныкталды.

Жолугушууда министр Кайрат Иманалиевдин ушул жылдын күз айларына пландалган атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 90 жылдыгын өз өмүрүнүн акыркы жылдарын арнаган Санкт-Петербург шаарындагы айтылуу Мария театрында белгилөө демилгеси колдоо таап, М. Швыдкой баштаган делегация бир добуштан кубаттады.

Андан соң министр Росконцерт жетекчилиги А. Малышев менен өзүнчө отурум өткөрүп, эриш-аркак жылынын расмий жабылыш аземинин концерттик программасын деталдуу талкуулап, эки өлкөнүн катышуучу өнөрпоздорун аныкташты. Салтанаттын эң жогорку деңгээлде өтүшү үчүн эки тарап тең кызыкдар экенин белгилешип, биргеликте натыйжалуу жыйынтыкка бараарын билдиришти.