Кыргызстан менен Кувейт маданий байланыштарды чыңдайт. Эль-Кувейтте программага кол коюлду

Кыргызстан менен Кувейт маданий байланыштарды чыңдайт. Эль-Кувейтте программага кол коюлду

/Кабар/. Кыргызстан менен Кувейт маданият тармагындагы кызматташтыкты жана байланышты чыңдайт. Эль-Кувейт шаарында өлкөлөр ортосунда 2023-2024-2025-жылдарга маданият жаатындагы аткаруу программасына кол коюлган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, программага кыргыз тараптар маданият министринин орун басары чыңгыз Эсенгул уулу жана Кувейт тараптан Кувейт делегациясынын башчысы - финансы министринин орун басары Асиль Сулейман Аль-Манифи кол койду.

Тараптардын кол коюу аземи экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-отурумунун алкагында өткөн.