“Окуучулар кайра сабак өтүшүмдү өтүнөр эле”. Жылдын мыкты мугалими менен маек

“Окуучулар кайра сабак өтүшүмдү өтүнөр эле”. Жылдын мыкты мугалими менен маек

Кечээ, 20-майда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында "Жылдын мыкты мугалими - 2021" кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Аталган сынакта баш байгени №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинде кыргыз тил жана адабияты сабагынын 27 жаштагы мугалими Илгиз Шамырзаев утуп алды. Сынактын жеңүүчүсү аталган жаш мугалимге бир бөлмөлүү батир тапшырылды.

Мугалимдер арасында өткөн сынакта баш байгени жеңген Илгиз Шамырзаевди кепке тарттык. Ал сынак, мугалимдик кесипти кантип аркалап калганын жана жаштыгына карабай кантип жылдын мыкты мугалими болгону тууралуу сөз кылды.

— Саламатсызбы, алгач Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында өткөн сынакта жылдын мыкты мугалими болушуңуз менен куттуктайбыз. Айтсаңыз, жылдын мыкты мугалими болуу кандай экен?

— Саламатчылык. Куттуктоо үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин. Аталган кароо-сынак башталган күндөн тартып эле менде тыным жок. Канткенде башка катышуучулардан өзгөчөлөнө аламын, канткенде мен түрдүү баскычтардан ийгиликтүү өтө аламын, канткенде мен өз ишмердүүлүгүмдү иреттеп, сынакка ырааттуу даярдык көрө аламын деген суроолордун үстүндө көп иштедим. Бүгүн дал ошол эмгегимдин үзүрүн көрүп, ушинтип баш байгени жеңип алып отурамын. Дегеним, бул сезимди башка жан адамга түшүндүрүү үчүн ал адам менин жан дүйнөмө кирип, мени менен кошо жашап көрүүсү керек деп эсептеймин.

— Сынак жөнүндө маалымат берип өтсөңүз. Анын шарттары жана өзгөчөлүгү эмнеде болду?

— Сынак Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруусунда өттү. Ал 4 баскыч менен өткөрүлдү. Биринчи баскыч 2021-жылдын 30-мартына чейин жалпы билим берүүчү мектептерде каалаган мугалимдердин катышуусунда өттү. Экинчи баскычына мектептерде өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы менен 1-орунду ээлеген бир мугалим катыша алды. Бул баскычта калыстар тобунун кароосуна кесиптик чеберчилигин жогорулатууну тастыктаган сертификаттардын көчүрмөлөрү, методикалык жана дидактикалык иштелмелер, көлөмү 3 беттен ашпаган “Менин педагогикалык философиям” темасындагы эссе, “Кутбилим” гезитине же башка басылмаларга жарыяланган макалалар, катышуучунун чыгарган окуу-усулдук колдонмолору жана башкалар жиберилген.

Сынактын үчүнчү баскычына экинчи баскычта эң жогорку упай топтогон 15 мугалим катышууга жолдомо алды. 15 мугалим 13-апрелден 23-апрелге чейин педагогикалык жана психологиялык тест тапшырышты. Ошондой эле мугалим өз предмети боюнча мастер-класс өткөрдү. Финалга 7 жеңүүчү чыкты. Анда “Менин педагогикалык өнөрканам” аттуу көргөзмө, “Сапаттуу билимде такшалган мугалим” аталышындагы мугалимдин чыгармачылык презентациясы, интерактивдүү доскада сабактын 5 мүнөттүк фрагменти жана Каhoot программасы аркылуу чукул суроолорго жооп берүү сыяктуу сынактар болду. Анын жыйынтыгында женүүчүлөр аныкталды.

— Баш байгени жана биринчи орунду ээлеген мугалимдер сынактын башка катышуучуларына караганда курагыңыздар жаш экен. Улуу муундагы мугалимдер жеңишиңизди кандай кабыл алды?

— Мен бир нерсеге кубандым. Биз менен кошо финалга чыккан эжекелердин баары өзгөчө бизге колдоо көрсөтүп, айтор, бизге ийгиликтерди каалап жатышты. Биздин жаш мугалим катары эми гана агартуу тармагына таштаган кадамыбызды сыйлап, бизге дем-күч берип, өздөрүнүн чыныгы мугалимдик асыл сапаттарын көрсөтүштү. Ал эми сынактын жыйынтыгында ар бирибиз бири-бирибизди кызуу куттуктап, бири-бирибизге жылуу пикирлерибизди билдирдик. Чындыгында сынакта атаандаш болгону менен чыныгы жашоодо бир туугандардай ынак боло алдык.

— Эмне себептен Илгиз Шамырзаев жылдын мыкты мугалими аталды? Кандай ойлойсуз?

— Кыргызда жакшы сөз бар: “Жоону жыкса эл жыкты, аты калды Манаска” деген. Айтайын дегеним, сага артыңда жөлөк болуп турган эч ким болбосо, анда сен канатсыз калган куш сыяктуусуң. А бирок сенин артыңда чыныгы чыгармачыл, креативдүү ой жүгүрткөн эмгек жамаат, шайыр достор, күнү-түнү уктабастан ак батасын берип турган ата-эненин дубасы колдоп турганда күчүңө-күч, демиңе-дем кошуларына дагы бир ирет ынандым. Учурдан пайдаланып, жалпы менин жеңишиме салым кошкон жакшы инсандарга терең ыраазычылыгымды билдиремин.

— Өзүңүз тууралуу сөз кылсаңыз? Канча жылдан бери мугалимдик кесибин аркалап келесиз жана эмне себептен бул кесипти тандадыңыз?

— Мен тээ бала кезимден баштап эле мугалимдикке кызыккан жагдайларым болгон. Кээ бир учурларда башталгыч класстарынын мугалимдеринин ордуна жогорку класста окуп жүргөн мезгилдеримде сабак өтүп калган учурларым болгон. Окуучулар кадимкидей мага көнүп, кайра сабак өтүшүмдү өтүнүп калышар эле. А бүгүн болсо мен дал ошол аруу кесипте эмгектенип жатканыма кубанычтамын. Учурда беш жылдан бери Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келем.

— Бүгүнкү күндө мугалимдик кесипти тандаган жаштар азайып, таңкыстык жаралууда. Өсүп келе жаткан муундарга кандай кеңеш берет элеңиз? Жаштарды билимге суусатыш үчүн эмне кылуубуз керек?

— Эгерде кайсыл бир инсан Ата Мекенин өнүктүрөмүн деп ниет кылса, анда эч токтоосуз ал инсан биринчи кезекте мугалим болуусу керек деп эсептеймин. Анын ыйык колунан билим алып, керек болсо даанышман да мугалимден окуган. Эгерде кайсыл бир инсан ак иштеймин, ар дайым аруу инсандар менен иштейин десе, анда ал мугалим болуусу керек. Ал эми окуучуну китепке тартып, кызыктыруу ар бир мугалимдин өзүнүн чыгармачылык дараметине байланыштуу.

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңизге ийгилик.

Адил Төлөгөнов