Айбек Артыкбаев Индиянын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясын кабыл алды

Айбек Артыкбаев Индиянын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясын кабыл алды

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бүгүн,21-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев аба коммодору Сагар Сингх Рават башында турган Индиянын Куралдуу күчтөрүнүн офицердик делегациясын кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда министрдин орун басары Артыкбаев Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аскердик жана коопсуздук тармагындагы кызматташтык эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Тараптар аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу маселеси эки өлкөнүн тышкы саясатынын негизги приоритеттеринин бири экендигине макул болушту. Бул контекстте Кыргыз Республикасы тынчтык жана стабилдүү Афганистанга кызыкдар экендиги жана бул өлкө менен эки өлкөнүн элдеринин жалпы тарыхына, маданиятына жана салттарына негизделген жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын белгиленди.

Индиянын делегациясынын башчысы Сагар Сингх Рават жылуу кабыл алгандыгы үчүн делегациянын атынан ыраазычылык билдирди. Индия тарап Кыргызстандын аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоодогу маанилүү ролун белгиледи.